Ала-Бука районунун 39 жаштагы тургуну Өзбекстандын чек арачыларынын огунан жараат алды. Ал 27-январда Кыргыз-Өзбек чек арасына жакын жерде койлорун жайып жүрүп, Өзбекстандын аймагына капысынан өтүп кеткен.

 

- Жердешибиз тоого кой жайып чыккан экен. Кой чекарадан өтүп кеткенде, аны тосуп айдаганы барып, Өзбекстандын чек арачыларынын “Токто!” дегенине карабай качып баратканда, аны карай эскертүү иретинде ок атышкан. Азыр мекендешибиздин акыбалы жакшы. Ушул тапта ал Өзбекстандын Чуст районундагы ооруканада дарыланып жатат, - деди Ала-Бука районунун акими Сонунбек Акбаралиев.

 

Сонунбек Акбаралиевдин айтымында, Кыргыз жаранын Мекенине кайтаруу жаатында ушул тапта эки тараптуу сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Бул маселе бүгүн-эртең сөзсүз чечилет.

 

Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчыбыз