Өзбекстандын мурдагы ички иштер министри Адхам Ахмедбаев 26-январда Ташкентте кармалды. Учурда ал ИИМдин тергөо абагында сурак берүүдө.

 

52 жаштагы экс-министр өлкө президенти Шавкат Мирзиёев аны чыккынчылыкка айыптагандан бир ай өткөндөн кийин кармалды.

 

Өткөн жылы 22-декабрда Мирзиёев парламентке жолдогон кайрылуусунда Ахмадбаевди чыккынчылыгы үчүн 2014-жылы берилген генерал-лейтенант наамынан ажыратканын билдирген.

 

«Чыккынчылыгы үчүн азыр мурдагы ИИМ башчысы Ахмедбаевдин кайда экенин билесиңерби? Анын министр болуп алып чыккынчылык кылганын кабыл ала алган жокмун… Мен эки генералдык погонун жулуп алдым», – деген президент Мирзиёев.