Буга дейре ЖАМК Текебаевдин камерасына көзөмөлдөөчү видеокамера орнотулган эмес деп айтып, ал тууралуу маалыматтарды төгүндөгөн.
Бирок, эми Өмүрбек Текебаев отурган камерада видеокөзөмөл жайгашылгандыгы ачыкка чыкты.
ЖАМКнын басма сөз кызматынын өкүлү Александр Никсдорфдун айтымында, видеокөзөмөл бир жума мурун орнотулган.
Ал соттолуучу ар кандай кылмыштарга, качууга барбашы үчүн, жазаны аткаруу тартибин бузбашы үчүн видеокөзөмөл коюуларын билдирген жана аны коердо Текебаевге маалымдалып, тил кат да жазылганын белгилеген.
Ошондой эле Никсфорфдун айтымында, Текебаев өзү дагы коопсуздугун сактап берүүнү тийиштүү тараптан өтүнгөн.