Премьер-министр Сапар Исаков борбор калаанын тургундарына кайрылуу жасады:
«Бул оңой эмес күндөрдө шаар тургундары кандай кыйынчылыкка кабылып жатканын түшүнүп турам. Өкмөт башчысы катары кечирим сурайм. Актанбайм, бирок, себептер кылдаттык менен иликтенет деп убада берем», - деген Исаков.
Ошондой эле, өкмөт башчы бул кырдаалдын жаралышына күнөөлүүлөрдүн баары ээлеген кызмат орунуна карабастан жоопкерчиликке тартылаарын белгилеген.
«Катардагы кызматкерлер эмес, энергетикалык секторго, өлкөнү, аны менен катар Бишкекти күз-кышкы сезонго даярдоо процессине жоопкер болгон жетекчилер жазаланышат. ЖЭБдеги жабдыктардын иштен чыгуу себептерин иликтөөгө укук коргоо кызматтары тартылды. Белгилеп коеюн, ЖЭБдин модернизацияланган бөлүгү штаттык тартипте иштеп жаткандыктан, бир топ масштабдуу кесепеттерди алдын алууга жетиштик. Эгер реконструкция болбогондо суу түтүктөрү тоңуп, электрэнергияны берүүдө олуттуу чектөөлөр коюлуп, инфраструктуралык обьектер да жабыркамак, бул өлкөнүн экономикасына дагы көбүрөөк зыян алып келмек», - дейт өкмөт башчы.
Ал сөзүнүн соңунда кесепеттер жоюлуп, ЖЭБдеги иш калыбына келээрине убада берген.