Бишкекте ишке киргизилген жылынуучу жайларга кайрылгандардын саны өсүүдө. Акыркы суткада эле бул жайга 2 296 адам кайрылган.
Бул тууралуу мэриядан кабарлашты.
Маалыматка караганда, убактылуу жылынуучу жайларга 2 миң 54 адам кайрылып, жатак жылынуучу жайларга 244 адам жайгаштырылган. Мектептер, «Ардагер» пансиону, социалдык жатакана, жеке мейманканалар сыяктуу стационардык пунктарга 42 адам жөнөтүлгөн.
Маалым болгондой, аба ырайынын суукташы менен муниципалитеттин социалдык кызматкерлери социалдык өнүктүрүү органында каттоодо турган 646 жалгыз бой пенсионерлердин акыбалынан тез-тезден кабар ала башташты. Аларга ысык тамак, дары-дармек жеткиришип, зарыл болгон чакта дарыгерлерди да чакырышууда,
Эске салсак, ЖЭБдеги авариянын кесепетинен 26-январдан бери борбор калаанын көп кабаттуу үйлөрү жылуулуксуз калган.