Кээде уккан кулагыңа ишенбей, төбө чачыңды тик тургузган окуяларга күбө болгон күндөрдө жашап жатканыбызга таң каласың. Башкасы бүтүп, эми айрым табиятынан эркек эле болуп жаралгандар жыныстык мүчөсүн алмаштырып, аял болгусу келип жатышыптыр. Алсак, 2017-жылы Кыргызстандын 12 жараны паспортунда «жынысы» деген пунктту өзгөртүү боюнча арыз берип, алмаштырыптыр. Бул тууралуу Мамлекеттик каттоо кызматы билдирип жаткан соң аргасыздан ишенип, жакаңды кармайт экенсиң. Батыштын ыплас маданияты аялдарды жарым жылаңач жүрүүгө көндүрүп, айрыкча жаштарыбыз бузулуп баратышат. Баарынан да эркек менен эркек баш кошуп же жыныстык катнашка баргандыгын алгач укканда таң калып, жийиркенсек, акырындык менен кулагыбызга көнүмүш сыяктуу угулууда. Ал тургай демейде чак түштө шам чырак менен издеп таппаган укук коргоочулар гейлерди актап-жактап жатышынын артында да чоң күчтөр бар экендиги белгилүү. Булар эч качан улуттук баалуулуктар менен ата-бабаларыбыздын ыйык тутуп келген каада-салттарын колдошпой тургандыгы эле ойлоно турган жагдай. Мындай көрүнүш коомубуздун моралдык жактан бузулуп, эркек менен аялдын айырмасы билинбей, үй-бүлө деген ыйык уянын бузулуп жаткандыгынын белгиси эмеспи?
Булак: “Майдан. kg” гезити