Фэйсбук социалдык тармагына Бишкектин жакасындагы Чуңкурчак кышкы эс алуу жайындагы турист менен эс алуу жайдын жетекчилигинин кыргыз тили тууралуу талашкан видеосу кыргыз коомчулугун бир топ дүрбөлөңгө салды. Анда Казакстандын желегин жамынып турган Огуз Доган аттуу түрк жараны тейлөөчүлөрдөн кыргызча кызмат көрсөтүүнү талап кылган. Ал эми эс алуу жайдын жетекчилиги Кыргызстанда орус тили расмий тил болгондуктан, орусча жооп берсе боло тургандыгын билдирип, бир ооз да кыргызча сүйлөбөй койгон. Көрсө, түрк жараны кассирге эс алуу акысы үчүн канча сом төлөө керектигин сураса, улуту кыргыз же орус экендиги белгисиз тигил айым орусча жооп бериптир. Өзү түрк болсо да Кыргызстанда кыргыз тили өгөйлөнүп, колдонулбагандыгына арданып, жетекчилигине арызданганда жогорудагыдай терс мамиле жасалган. Бирок кыргыз тили Кыргызстанда эбак эле “экинчи эне тил” болуп, расмий жолугушууларда сүйлөнбөй, Ош жана Дордой базарларында гана колдонулуп калгандыгы бештен белгилүү. Аны биз кадыресе көрүнүш катары кабыл алып, арданбай деле калганбыз. Кыскасы, өзүң тың, билимдүү сезгендер эне тилин чанып, расмий тилде сүйлөөнү артыкчылык катары сезишет. Анткен менен түрк боордоштун бул окуясынан кийин уйкудан чочугандай бир селт этип, унутулуп, эскирип калган буюмду эстегендей, бир намысыбызга келе түшкөнүбүз таң каларлык.
Булак: “Майдан. kg” гезити