Темикенин президенттик пост үчүн кармашта шансы жогору болчу. Эгерде шайлоочу журту акчага азгырылбай, бийлиги колунда турганынан коркпой, анык программасына карап добуш бергенде, биринчиликке Темир Сариев келмек. Президенттик жарышта Темир Аргенбаевич атаандаштарына сый-урмат менен мамиле жасоонун жогорку үлгүсүн көрсөттү. Жалгыз ушул талапкер “кара пиар” колдонбой, атаандаштары чектен ашып, жерден алып көргө урса да чыдап, аягына чейин таза күрөштү. Келечекте да Темике улутубузга тирек боло алчу мыкты саясатчы экенин даңазалады.
Булак: «Майдан. kg» гезити