Быйыл да бир нече изилдөө-сурамжылоо компанияларынын тыянагына ылайык, “7-канал” Кыргызстандагы рейтинги жогору каналдардын катарына кирди. Телеканалдын эмгек жамааты элдин купулуна толгон мыкты чыгармачыл долбоорду быйыл да тынбай тартуулап келди. Албетте, Алтынбек Жумаевдин жетекчи катары мында салымы зор. Бул аз келгенсип, кыска убакыт ичинде көп кырдуу талант А.Жумаев дагы бир жаңы телеканалды түптөөгө жетишти, ал – “Нур ТВ”. Эки телекомпанияны тең бир учурда башкарып, экөөн тең бири-биринен кем кылбай алып кетүү, ишенип коюңуз, анча-мынча адамдын колунан келе турган иш эмес.
Булак: «Майдан. kg» гезити