Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Кенжебек Бокоев Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы чегара аймактарындагы ишеним чаралары боюнча келишимин ратификациялоону талкуулоо учурунда Унгар-Тоо маселесин эске салды.
«Келишим кабыл алынгандан кийин талаш аймактар такталабы? Мисалы, эгер Унгар-Тоого вертолет менен десанттарын түшүрүшсө, аларга кандай чара көрүлөт? Кыргызстан Өзбекстандын пансионаттарын тартып алганда өзбек тарап сотко беришпедиби, а биз кандай кылабыз?» - деди депутат.
КР Мамлекеттик чегара кызматы андай кырдаалда биз дагы эларалык сотко кайрыла турганыбызды белгиледи.
«Унгар-Тоо маселесине келсек, аны укуктар аралык комиссия кароодо, азырынча чечиле элек», - дешти аталган кызматтын өкүлдөрү.