Фейсбук тармагындагы «Ардагерлер 365» коомдук фондунун баракчасына жарыя жайгаштырылды.

 

«Достор! 23-24-декабрда Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучуларына жана тылда эмгектенгендерге Жаңы Жылга карата азык-түлүк салынган пакеттер таратылат. Бизге автоунаасы бар жана жок волонтерлор керек. 200 дарек боюнча азык жеткирүү керек. Азык-түлүктөр да керек. Чогултуу Barclays Pubда 23-24-декабрда саат 10:00дө башталат», - деп жазылган билдирүүдө.