Мамлекеттик мүлктөрдү башкаруу Фондунун жетекчиси Дүйшөнбек Зилалиевдин отставкага арыз жазганы белгилүү болду.

 

 “Кайсы жерде иштебейин чын дилимден берилип жана таза иштедим. Бирок, жакында эле бомбага байланышкан такыр түшүнүксүз кылмыш ишинин фигурантына айландым.  Бул коомчулукта резонанс жаратты, интернет каражаттары да бул боюнча ар түрдүү маалыматтарды таратышып, мени жаманатты кылышты. Бул абал менин ар-намысыма шек келтирди, андан да маанилүүсү- өкмөттүн ишмердүүлүгүнө да көлөкө түшүрдү. Мен өкмөттү жана өкмөт башчыны жаманатты кылгым келбейт. Мындай кырдаалда бир гана туура чечим өз каалоом менен аталган кылмыш иши териштирилгенге чейин отставкага кетүү болду”, - деп билдирди Зилалиев.

 

 

 Эске салсак, Зилалиевди УКМК ачылган кылмыш ишинин негизинде суракка чакырган.