Похожее изображение  

 

Бир катар жооптуу кызматтарды аркалап келген Дүйшөнбек Зилалаевдин карьерасында  акыркы убакта кызыктай эле окуялар орун ала баштады.

 

 Президенттик шайлоонун алдында, шайлоо жарышы күчөп турган чакта Баткенге болгон иш сапарында оозунан жаңылганы коомчулуктун эсинде сакталуу. Облустун мамлекеттик кызматкерлерине жыйналыш өткөрүп жатып, азыркы президент, андагы талапкер Сооронбай Жээнбековго добуш бере турганын айтып, башкаларга да ачык эле «Ичкен кудугубузга түкүрбөй, Жээнбековду шайлайлы» маанисинде үгүт жүргүзгөн.

 

Мыйзамда мамлекеттик кызматкер шайлоодо үгүт жүргүзүүгө болбой турганы жазылгандыктан, вице-премьер-министрдин бул кылыгы катуу сынга алынган. Анын айынан кызматынан ооп түшөөрүнө аз калып, бирок сөгүш менен чектелген. Аны ошол кезде эмнеге кызматынан ыргытышпаганы кийинчерээк маалым болгонсуду. Жогорку Кеңешке сунушталган Давыдов жана Лысый мөңгүлөрүн канадалык компанияга иштетүүгө берүү тууралуу мыйзамдолбоорун өткөрүүгө биринчи кезекте ушул адам бешенесинен тер аккыча аракет кылды. Ал мыйзамдолбоорунун канчалык деңгээлде реалдуулугун, мөңгүлөрдүн ансыз да түгөнүп баратканын – айтор, айткан аргументтери бир гана канадалык компаниянын кызыкчылыгына беттеген.

 

Мөңгү мыйзамы Жогорку Кеңештен өтөөрү менен Зилалиев вице-премьерликтен алынды. «Бийлик кайда жумшаса ошол жакта иштейм», - деген «пионер» экс-вице-премьер көп өтпөй Мамлекеттик мүлктөрдүн башкаруу Фондунун башчылыгына барды. Ал жерде иштегенине эки ай болбой жатып, минтип арызын жазып отурат. Буга – кадимки бомба себеп болду.

 

Жаңы президенттин инаугурациясы болуп жаткан күнү Дүйшөнбек Зилалиевдин берген маалыматына таянган милиция кызматкерлери Бишкектин Чыңгыз Айтматов проспекти менен Москва көчөсүнүн кесилишинен бомба издеп жүрүштү. ИИМ Академиясынын курсанты бул маалыматты ага Дүйшөнбек Зилалиев айтканын билдирген.

 

Бомба табылбады. А бирок, Зилалиевдин карьерасына бомба коюлду.

 

Аталган фонддун жетекчиси курсант кызга такыр башка нерсе айтканын, ал каңырыш угуп, бомба деп түшүнгөнүн айтып чыкты.

 

«Мен автоунаа менен баратсам жол боюнда курсант кыз туруптур. Машинемдин терезесин ылдыйлатып, форма ага жакшы жарашаарын, бирок, оңдоп алышы керектигин айттым. Ал болсо бомба деп түшүнүптүр», - деп маалымат каражаттарына түшүндүрмө берген.

 

Бомбабы, формабы, айтор форма менен бомба Зилалиевдин Мамлекеттик мүлктөрдү башкаруу Фондунун жетекчилигинен кетүүсүнө себеп болуп берди.