Бул тууралуу Бишкек ШИИБинен билдиришти.

 

Маалым болгондой, тергөө улантылууда. Бардык төрөт үйлөрү, жеке медициналык борборлор текшерилип, «Аламедин-1» кичирайонунун бардык тургундары суралды.

Факт боюнча кылмыш иши козголгон.

 

Эске салсак, 14-декабрда түнү Чоң Чүй каналынын жээгинен ымыркайдын жансыз денеси табылган. Туулганына аз эле убакыт болгон кыздын суукка тоңуп өлгөнү аныкталган.