Россия аймагында теракт жасоого аракеттенген деп айыпталган кыргызстандык жаранга сот өкүмү чыкты. Москванын аскер сотунун чечими менен ал 12 жылга эркинен ажыратылып, жаза мөөнөтүн күчөтүлгөн тартиптеги абакта өтөйт.
Бирок, 23 жаштагы айыпталуучунун аты-жөнү жарыя боло элек.
Соттун материалдарына караганда, Кыргызстандын жараны Россиянын аймагында тыюу салынган террористтик уюмдун тарапташы болгон. Ал уюмдун аталышы да ачык аталган жок. «ВКонтакте» соцтармагында жаран диндер аралык кастыкты жаратуучу сүрөттөрдү жайгаштырган. Ал сүрөттөрдө кайсы бир социалдык топко карата жек көрүү, каршылашууга чакыруу сыяктуу белгилер бар деп эксперттер корутунду чыгарышкан.