Араван районунда 8-класстын окуучусу автоунаасын короодон артка чегинтип айдап чыгып баратып, байкоосуздан сүзүп кеткен 1,6 жаштагы кыз алган жараатынан улам көз жумду.
Бул тууралуу Ош ОИИБинен билдиришти.
Маалыматка караганда, кыз бүгүн эртең менен ооруканада көз жумган.
Учурда бул иш боюнча кылмыш иши козголо элек. Тергөө-иликтөө чаралары жүрүүдө.