Ош облусуна караштуу Араван районунда 8-класстын окуучусу автоунаасы менен бир жарым жаштагы баланы сүзүп кеткен.

 

Бул тууралуу Ош ОИИБинен билдиришти.

 

Маалыматка караганда, окуя кечээ саат 16:00дөрдө болгон.

 

Маалым болгондой, мектеп окуучусу автоунааны короодон айдап чыгарып баратып, жанында турган бир жарым жаштагы баланы байкабай калган. Автоунааны артка чегинтип келатып баланы сүзүп кеткен. Бул кезде баланын апасы да жанында болгон, ал коңшулары менен сүйлөшүп жаткан.

 

Учурда бала ооруканага жеткирилген.

 

Тергөө амалдары жүрүүдө.