Каналдын программалык продюсери Каныбек Асанкары уулу келген кишилер эфирди токтотууну талап кылышканын "Азаттык" радиосуна билдирди.
Журналист Азият Жекшеев 19-декабрда кечке жуук сот аткаруучулар барган учурдагы видеону интернетке жүктөдү. Тасмада күч кызматкерлерин да көрүүгө болот.
Сотрудники НТС о требовании наложить арест на канал
Ал арада НТСти сотко берген аял телеканалдын имаратына келди. Аты-жөнүн журналисттерге айтуудан баш тарткан аял журналисттерге учурда НТС телеканалынын мүлкүн эсептөө жүрүп жатканын, телеканалдын ишин токтотуу аракети жок экенин билдирди:
- Мүлк-жабдыктарды эсептеп өткөрүп алуу процесси жүрүп жатат. Телеканалдын ишине эч тоскоолдук жок. Сот аткаруучулар өз ишин бүтүргөндөн кийин иш кадимкидей жүрө берет. Силерге "телеканалды жабуу аракети жүрүп жатат" деп туура эмес маалымат берилген.
Ал кандай арыздын, кайсы сот чечиминин негизинде мындай иш-аракет жүрүп жатканын айтуудан баш тартты. Ал бул маалыматты НТС кызматкерлеринен алууну сунуш кылды.
Кийинчерээк НТС телеканалынан көрсөтүлгөн Бишкек район аралык сотунун аныктама кагазында бул "Grexton Capital LTD" компаниясынын өкүлү Елена Дзимидович экени жазылган.