Жакында эле Улуттук банкты башкарып турган Кубанычбек Кулматов өзүнүн көнгөн жайы – Бажы тармагын башкарууга жол тарткан. Кулматов бир нече жыл Бажы тармагын башкарып, андан кийин Бишкек шаарынын мэри- Кыргыз-орус өнүктүрүү фондунун жетекчиси – Улуттук банктын төрагасы болуп кызматтан кызматка саякаттап отуруп, акыры көнүшүп калган кызматы – бажыга кайра кайтты эле.
Ал эми Улуттук банкты Кулматовго чейин башкарган (2014-2017) Толкунбек Абдыгулов биринчи вице-премьер-министр, вице-премьер-министр болгон. Эми кайра Улуттук банкын көздөй сапар алат деген маалымат тарады.
Кадр саясаты кызуу темп менен жүрүүдө: «Чымчык сойсо да касапчы сойсун» дештиби, бир тармакта иштеп, алчы-талчысын жеп калгандарды кайра ошол тармакты көздөй «айдай» башташты.
Же, атамбаевдик кадр саясатты Жээнбековдун оңдоп атканыбы.