«Кыргыз темир жолу» мамлекеттик ишкананын маалыматына караганда, «Ташкент-Балыкчы» поезд каттамын жүргүзө турган дата белгилүү болду.

 

 Маалыматка караганда, аталган ишкана өзбек жана казак темир жолдору менен «Ташкент-Балыкчы» каттамын жүргүзүүгө макулдашышкан. Учурда поезддин күн тартиби жана жол кире тарифи боюнча даярдануу иштери жүрүүдө.

 

Жалпысынан, каттам 2018-жылдын жай мезгилинде иштейт. Каттам бир жумада бир жолу болуп турат.