Мамлекеттик мүлк фондунун жетекчиси Дүйшөнбек Зилалиев маалымат жыйынында Максим Бакиевдин коттеждерин сатууда эч кандай мыйзам бузуу болбогонун айтты.
Белгилешинче, аукцион тогуз жолу өткөрүлгөн. Эч биринде эрежеден сырт көрүнүштөр орун албаган. Соода ачык жана айкын өткөн.
«Идеал Хаус» шаарчасы 142 миллион сомго сатылган.
Башкы прокуратура коттеждерди сатуу ишин териштирүүгө алган.