Көчөгө ымыркайын таштап кеткен эне дагы деле табыла элек. Милиция кызматкерлери издөөнү улантышууда.

 

Бул тууралуу ИИМден билдиришти.

 

Маалыматка караганда, ымыркайдын жансыз денеси өлүкканага жөнөтүлгөн.

 

Эске салсак, 14-декабрда кечки саат болжол менен 21:00 чамасында милицияга коңгуроо болуп,  Чоң Чүй каналынын жээгинде ымыркай табылганы кабарланган.

 

Айтылган дарекке барган милиция кызматкерлери ымыркай кыздын жансыз денесин көрүшкөн. Бала суукка тоңуп өлгөнү маалым болгон. Денесинде күч колдонуп өлтүрүү белгилери табылбаган.