Адилет министрлиги «Кыргызстандагы чет өлкөлүк жарандардын укуктук абалы тууралуу» мыйзамына өзгөртүү киргизүүнү коомдук талкууга чыгарды.
Министрликтен билдиришкендей, бүгүнкү күнү мыйзамда «жарандыгы жок жарандардын» укуктук статусун аныктаган деталдар жок.
Бул маселе айрыкча чегарага жакын жайгашкан аймактардын жашоочуларына таандык. Анткени, алар жашаган аймак делимитация жана демаркацияланбай турат.
Кыргызстандын аймагында мурдагы СССРдин жарандары (учурдагы жарандыгы такталбаган), чет өлкөлүк жарандар (жарандыгы жок жарандар) жана жарандыгы жок калуу коркунучундагы балдар жашайт.
Мыйзамга өзгөртүү киргизүү менен мындай категориядагы адамдар Кыргызстандын аймагында жашоого уруксат алышкан болсо, туруктуу жашай алышат.
Ошондой эле өлкөдө туруктуу жашоого уруксат алган жарандыгы жок жарандар пособие, пенсия жана социалдык камсыздандыруу алууга укуктуу болушат.