Жогорку Кеңештеги КСДП фракциясы акыйкатчы Кубат Оторбаевдин отчетун кабыл албады.

 

Кубат Оторбаев депутаттарга 2016-жылдагы Акыйкатчылык институтунун ишмердүүлүгү боюнча отчет берген.

 

 Депутат Рыскелди Момбековдун айтымында, Кубат Оторбаев депутаттарга отчету жиберген, бирок өзү келген эмес.

 

«Биз күтө албайбыз. 2018-жыл да келип калды. Жазында 2017-жылдагы ишмердүүлүгүн чагылдырган отчетун угушубуз керек. Бүгүн да ал келбеди. Себебин айтпады. Ошондуктан, отчетун биз кабыл албадык», - дейт.

 

Айтымында, фракция корутундусун пленардык жыйынга алып чыгат. Эгер көпчүлүк депутат колдосо, анда Кубат Оторбаев кызматынан бошотулушу мүмкүн.