Жакында интернет айдыңына эки жарым жаштагы баласы тайып жыгылганда ичке тепкен атанын кылыгы чагылдырылган видео тараган. Анын «каарманы» Сокулук Мамлекеттик каттоо кызматынын жетекчисинин орун басары Бариер Адиев экени да тез эле маалым болгон.

 

Сот тепкич атаны эки айга камакка алган.

 

«Бейбаштык» беренеси менен кылмыш ишине чалынган ата аталык укуктан ажыратылбай турган болуптур. Бул тууралуу Октябрь райондук социалдык коргоо Башкармалыгынын жетекчиси Рейна Султанмуратова билдирди.

 

 Айтымында, баланын энеси Асел Эржанова жакында эле арызын кайтарып алган. Ал ойлонгонун айтып, баланын ден соолугуна зыян келбегенин билдирген. Ошондой эле эне баласы күн сайын атасын сурап, сагынып жатканын да айткан.