Россиялык «Комсомольская правда» басылмасынын жазганына караганда, Россияда кыргызстандык 5 жылга эркинен ажыратылды.

 

Кыргызстанда төрөлгөн Обид Абдураинов аттуу жаран ФСБ  тарабынан 15-апрелде, террористтерди тартууга шектелип кармалган. 3-апрелде Санкт – Петербурдагы метродо жардыруу болгон.

 

 Прокурор айыпталуучуга алты жыл жалпы абактагы жазаны суранган, айып пуд төлөтүүнү айтпаган. Бирок, айыпталуучунун адвокаты кылган кылмышын моюнуна алып, өкүнгөна дам үчүн алты жыл абакка кесилүү абдан чоң мөөнөт экенин билдирип, каршы болгон.

 

 Сот Обид Абдураиновду жалпы режимдеги абакка беш жылга кести. Камакта отурган күндөрү бул мөөнөттүн ичине кирди.

 

 

Эске салсак, 3-апрелде Петербургдун метросунда жардыруу болгон. Тергөөнүн версия боюнча жардырууну Кыргызстандын Акбаржон Жалилов аттуу жараны уюштурган. Жардырууда террорист баш болуп 16 адам курман болгон.