Жогорку Кеңештин жыйынында депутаттар  Айнуру Алтыбаева жана Наталья Никитенко үй-бүлө темасына токтолушту.

 

«Өкмөт ушул кезге чейин үй-бүлөнү жана балдарды коргоого, колдоого жетиштүү көңүл бурушкан жок. Бул он жылдык стратегия болушу керек болчу», - деп нааразыланды депутат.

     

 Депутат Айнуру Алтыбаева да кесиптешин колдоп, 24-сентябрь – үй-бүлө күнүнө карата өкмөт бир дагы иш чара өткөрбөгөнүн белгиледи.

 

«Статистикада кандай гана окуялар орун алып жатат. Үй-бүлөдөгү зомбулук көбөйүүдө. 2011-жылы мындай окуялардан 794 катталган, 2015-жылы 1 736 окуя болду», - деди.

 

Депутат  үй-бүлөдөгү зомбулукка кылмыш жоопкерчилигин катаалдантуу керектигин кошумчалады.