Мамлекеттик каттоо кызматынан кабарлашкандай, 2017-жылы чыгарыла баштаган жаңы үлгүдөгү паспортту бекер алгысы келгендер 31-декабрга чейин кайрылышы керек.
Өкмөттүн токтомуна ылайык, жаңы ID-паспорттор 2-майдан бери бериле баштаган. 1-майдан 31-декабрга чейин паспортун алмаштыргысы келген жарандардан акы алынбайт. Шашылыш же болбосо паспортун жоготуп алган учурда гана акча төлөнөт.
Жаңы паспорт 2018-жылдан баштап кайсы баада берилери чечиле элек.