Эгерде кардын жаашы күтүлсө, шаар көчөлөрүн кардан тазалоо, жол коопсуздугуун алдын алуу жумуштарында эч кандай кыйынчылык болбойт. Буга даярдыктар толук жетиштүү. Бул тууралуу Жалал-Абад шаардык жол башкармалыгынын башчысы Алмаз Султанкулов билдирди.

 

Анын айтымында, карж жааган учурда шаар көчөлөрү кардан дароо тазаланат жана тайгак болуп, унаалардын жүрүшүн кыйынжатпашы үчүн алдын ала даярдыктар көрүлгөн. Азыркы тапта 300 тонна кум, 50 тонна туз кампада турат.

 

- Андан тышкары, бизде 3 “КАМАЗ” үлгүсүндөгү унаа, 1 жүктөөчү техника, 1 грейдер даярдалган. Жалпысынан 18 киши көчөлөрдү кардан тазалоо, кум чачуу иштерин алып барышат. Буюрса, шаарда ыңгайсыздыктар болбойт,- дейт ал.

 

Эскерте кетсек, шаарда расмий эмес маалыматтарга караганда 150 миңден ашуун киши турат. Ал эми илгери шаар 50 миң кишиге ылайыкташа курулган эле.