Россиянын Федералдык коопсуздук кызматы «Ислам мамлекети» эларалык террористтик уюмунун даярдалган террористтик тобунун ишмердүүлүгүн токтотту. Алар Жаңы Жыл алдында жана Россиянын президентин шайлоого жакын Москва шаарында террорист-жанкечтилердин катышуусу менен теракт уюштурууну пландашкан.
Бул топ «Ислам мамлекетинин» чет өлкөдөгү жетекчилери тарабынан башкарылган.
Москванын Одинцово районунда террористтер жарылуучу заттарды аралаштырып, жардыруучу заттарды жасашкан конспиративдик батир табылган.
ФСБнын билдиргенине караганда, кылмыштуу топтун үч мүчөсү кармалган жана алар Орто Азиядагы өлкөлөрдүн жарандары болуп чыккан. Алардан 2 өздөрү жасаган жардыруучу курал, 2 автомат, 60 даана патрон жана гранаталар алынган.
Бул боюнча үч берененин негизинде кылмыш иши козголгон. Кармалгандар абакка киргизилген.