Картинки по запросу кинотеатр в сауд аравии 

 

Сауд Аравиянын бийлиги кинотеатрлардын иштешине салынган тыюу алына турганын жарыялашты. 35 жылдан бери иштетилбеген кино жааты кайрадан ишке кирмей болду. Биринчи кинозал 2018-жылдын март айында  ачылат.

 

Бул тууралуу ББС кабарлады.

 

 Анда жазылгандай, ушул жылдын январь айында муфтий  Абдул аль-Шейх  кинотеатрлар элди башка жолго баштап, өлкөдөгү моралдык туруктуулукту бузат деп билдирген.

 

Бирок, кронханзаада Мухаммед бин Салман социалдык жана экономикалык реформалардын планы менен тааныштырган. Ага ылайык, жашоонун бир катар тармактарына басым азаят. Кинотеатрларга лицензия берүү эмитеден башталды.

 

Сауд Аравиядагы жаңылык бул менен эле чектелбейт. Мындан мурун кийинки жылдан баштап аялдарга да автоунаа айдоо укугун берген мыйзам чыккан.