Картинки по запросу сапар исаков был в театре  

 

Кыргызстандын өкмөт мүчөлөрү премьер-министр баш болуп Бишкектеги Т. Абдымомунов атындагы театрга барышты. Улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 12-декабрь туулган күнүнүн урматына театрда «Саманчынын жолу» спектакли коюлду.

 

Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынан билдиришти.

 

Анда айтылгандай, премьер-министр жана өкмөт мүчөлөрүнүн театрга барышы мындан ары кадыресе көрүнүшкө айланат.

 

Сапар Исаков жакында Чыңгыз Айтматов атындагы орус драм театрына, А. Малдыбаев атындагы  опера-балет театрына да барышат. Ошондой эле  музыкалык окуу жайларын да кыдырышат.