Картинки по запросу кубанычбек кулматов   

 

Балапандар өкмөтүнүн премьер-министри Сапар Исаковдун жүрүштөрүндө логика деле жоктой. Ал ар дайым профессионал, таза адамдар кызматтарга келиши керектигин айтып келатат. Бирок, Мамлекеттик бажы кызматына Кубанычбек Кулматовду эмне максат менен башчы кылып дайындап олтурат?

 

Буга чейин Сапар Исаков “несоответствие занимаемой должности” деген бирдеңкеге таянып, коомчулукта “Райым-миллион” деген ат менен белгилүү Райымбек Матраимовду кызматтан алганы белгилүү. “Балашка” премьер-министр соңку жылдары бажыдан түшкөн жыйымдар кадыр эсе өсүп келе жатканын, мында Райымбектей жетекчилердин да кошкон салымы чоң экенин билбейби? Жада калса, Кубанычбек Кулматов бажыны мурда жетектеп турган жылдарга ал кеткенден кийинки жылдарды салыштырганда өсүш кыйла болгонун Сапарга аналитиктери айтып койсо болбойт беле? Ушул жагынан алып караганда бул дайындоодо кандай логика бар? Анан да, Кулматовду ким профессионал деп айта алат? Мына, Кулматов Бишкекти башкарып турганда шаардын кандай кейпи кетип калганын бүт баарыбыз көрбөдүкпү. Ага караганда Албек Ибраимов тың экен, шаардык кызматтарды тыкылдатып иштетип, жолго салып койду. Ушундан кийин Кулматовдун жакшы кадр экенине ким ишенет? Же Улуттук банкты алалы, анын тушунда доллардын куну улам өсүп баратса да, Кулматов колун куушуруп олтурду. Бул жерде келгендеги ишинин көзгө көрүнгөнү – жаңы 2000 сомдук банкнотаны киргизди. Бирок, мында да “мат” болбодубу. Белгилүү бир нускада гана чыгарылган 2000 сомдукту мисалы терминалдар окуй албайт экен. Ошондон улам, башкага жарабаган соң, жаңы купюраны эл “той акча” деп атады. Анткени, азыр тойго 1 миң сом алпарсаң, уят, 5 миң алпарыш ар кимдин эле колунан келе бербейт, а 2000 как раз. Демек, тойдон башкага жарабаган купюраны чыгарарда Кулматов кай жагы менен ойлонгон?

 

 

Картинки по запросу купюра 2000 сом  

Ошондуктан, Сапар Исаков “Кулматовдун профессионалдуулугу керек болду”,- деп айтпай эле, бажыда өз адамы, өз кошелегу керек болуп Кукени алпарышканын моюндаса, ачык айтса, эл деле түшүнмөк...

 

 

“Майдан-пресс”, Булак: “Майдан. kg” гезити