Похожее изображение   

 

Таш-Көмүр шаарынын мэринин милдетин убактылуу аткаруучу Өмүрбек Бабатаевге 9 жаштагы баланы сүзүп кеткенине карата кылмыш иши козголгон жок. Бул тууралуу Жалал-Абад ИИБинен билдиришти.

 

Маалыматка караганда, Бабатаев жол кырсыгына туш  болуп, баланы сүзүп кеткени чын. Окуя ноябрь айынын этегинде болгон. Бул убакка чейин экспертиза өткөрүлгөн. Бирок, укук коргоо кызматтары аткаминерди кылмыш жообуна тартууга илинчек табышкан эмес.

 

 ИИБден айтылгандай, Бабатаев баланы сүзгөн эмес. Бала өзү автоунаага урунуп, бут сөөгүнөн жарака алган. Ага гипс коюлган. Учурда бала үйүндө дарыланууда. Дарыланууга кеткен бардык каражатты мэр төлөгөн. Окуя болгон учурда айдоочу-мэр соо абалында болгон.