Картинки по запросу тариф на электроэнергию бишкек 

 

Балдар үйлөрүнө жана интернаттарга электр энергияга болгон тарифти ылдыйлатуу керек. Мындай сунушту  парламенттин жылуулук-энергетикалык комплекси жана кен боюнча комитетинин жыйынында депутат Абтандил Кулбараков жолдоду.

 

 Депутаттын айтымында, эгер мечиттерге тарифти ылдыйлата турган болсо, анда балдар үйүн жана интернаттарды да кошуу керек, анткени, ал жакта дагы өндүрүштөр жок.

 

«Балдар үйлөрүнө жана интернаттарга канча колдонгонуна карабастан киловаттка 77 тыйындан төлөм киргизүү керек», - деди депутат.

 

 Ал эми депутат Экмат Байбакпаев «мечиттерге тариф ылдыйлатылса, эртең эле чиркөө жана башка диний уюмдар да ушул талап менен чыгышаарын» белгиледи.

 

«Ансыз да Кыргызстанда өндүрүштөр аз. Энергетиктер субсидияны өзүнө алып баарына тарифти ылдыйлатууга макул болушаар бекен» - деди депутат.