30-ноябрда Кыргызстан ИИМинин кызматкерлери тарабынан эларалык террористтик уюмдун мүчөсү кармалган. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, Жалал-Абад облусунун 1996-жылы туулган тургуну Э.И. 2014-жылы Россия аркылуу Түркияга учуп, ал жактан Сириянын аймагына кирген. Ал жакта куралдуу жаңжалга катышып, диверсиондук- согуштук даярдыктан өткөн.
Учурда ага карата кылмыш иши козголду. Кармалган адам Ош шаарындагы абакка эки айга камакка алынды.
Башка катышуучуларды да аныктоо максатында тергөө-ыкчам чаралары көрүлүүдө.