Бүгүн эртең менен саат 7:00 чамасында “Бишкек I” жана “Бишкек II” станцияларынын ортосунда 30-35 жаштагы азият улутундагы киши жүрүп келе жаткан тепловоздун алдына боюн таштап каза болду.
Бул тууралуу "Кыргызтемиржолу" мамлекеттик ишканасы билдирди.
Маалыматка караганда, окуяны укук коргоо органдары териштирип жатат.
Ушул эле күнү “Токмок” бекетинин темир жолунда да кырсык катталып, анда 19-20 жаштагы кыз поезд алдында калган. Тилекке жараша, кыз аман калып, бутунан жаракат алган.
"Кыргыз темир жолу" ишканасынын билдиргениндей, поезд автоунааларга окшоп дароо токтоп калбайт. Ага токтоого 500 метрден 800 метрге чейин аралык керек. Ошондуктан ишкана жарандарга сак болууну эскертти.
Поезд адамдарды тепсеп кеткен учурлар бул биринчи жолкусу эмес. Ноябрь айында бир жаран “Бишкек I – Бишкек II” багытында бараткан поезддин машинисти белги бергенине карабастан темир жолдон качпай койгондуктан каза тапкан. Ал адам кулагына наушник тагынып баратканы белгилүү болгон.