Кыргызстандын президенттик аппаратында кадрлар алмашты.

 

Бул тууралуу президенттик аппараттан билдиришти.

 

Маалыматка караганда, Элвира Сариева аппарат жетекчисинин орун басарлыгынан бошотулду. Ал өз арызы менен кызматтан кеткен. Президент Сооронбай Жээнбеков тийиштүү жарлык чыгарган.

 

 Анын ордуна Алмамбет Салиев дайындалды.

 

Ал эми Асылбек Кожобеков президенттин кеңешчиси болду.

 

Президенттик аппараттын жетекчиси Алмазбек  Үсөнов өз арызы менен ээлеген кызматын бошотту. Анын ордуна Фарид Ниязов келди.