Москвада кыргыз кызы зордукталган.
Бул тууралуу россиялык басылмалар жазып чыгышты.
Жабырлануучунун айтымына караганда, ал жумуш издеп жатып, сайттардын бириндеги акысы саатына төлөнчү пол жуугучтукка жумушчу издеген жарыяга көзү түшкөн. Жумуш берүүчү тарап менен бир аз жазышып, андан кийин алган дареги боюнча барган. Фарида милдеттерин бат аткарып, кетүүгө кам урган. Бирок, жумуш берүүчү эмгек акысын төлөп берүүнүн ордуна күч колдонуп, зордуктаган.
Ошол эле күнү жабырлануучу полицияга кайрылган. Укук коргоо кызматтары иликтөөдөн кийин шектүүнү кармашкан. Ал 1992-жылы туулган кыргызстандык болуп чыккан. Кылмыш иши козголуп, иликтөө иштери жүрүүдө.