Ал үч аял буга чейин АКШ президентин сексуалдык зомбулук көрсөттү деп айыпташкан. Эми алар баштарынан кандай акыбалды өткөрүшкөнүн телеканалдагы көрсөтүүдө бөлүшүштү.

 

NBC телеканалындагы   Megyn Kelly Today көрсөтүүсүнө үч аял катышкан. Бул туурауу    «Голос Америки» жарыялаган.

 

Аялдар президенттин аракетин Американын башка да таасирдүү эркектеринин арасындагы секс-жаңжалдардын фонунда кароо керектигин айтышкан.

 

 Рейчел Крукс аттуу аял Трамп аны 12 жыл мурун күч колдонуп зордуктаганын айткан. Аял ал учурда Нью-Йорктогу Trump Towerде иштеген.

 

Программадан кийин Крукс берки аял менен чогуу Нью-Йорктогу маалымат жыйынына катышкан. Саманта Холвей 2012-жылы сулуулар сынагына катышканын,  Дональд Трамп гримеркага уруксатсыз кирип келгенин айтып берген. Үчүнчү аял Жессика Лидс Трамп ага 1970-жылы учакта зомбулук көрсөткөнүн ачыктаган.

 

 Ал эми Америка Акүйү бул маалыматтарды талаштуу маселе экенин белгилеп, төгүнгө чыгарган.