Чубак ажы Жалиловго карата эки аялдуулук боюнча кылмыш иши козголбойт. Бул тууралуу Бишкек ШИИБинен билдиришти.

 

Маалыматка караганда,  милиция текшерүү жүргүзүп, Чубак Жалиловду суракка алышкан. Бирок, аны кылмыш жоопкерчилигине тартууга негиз таба алышкан эмес

Аталган укук коргоо кызматы ажынын биринчи жубайынын арызы каралып жатканын жана ал боюнча чечим кабыл алына электигин белгилешкен.

 

Эске салсак, ажынын биринчи жубайы Гүлнур Жалилова «Сезим» кризистик борборуна кайрылып, күйөөсүнөн коркуп, балдары жана өзүнүн жашоосунан кооптонуп жатканын айткан.

 

«Сезим» кризистик борборунун жетекчиси мындай маанидеги кат чынында эле борборго келип түшкөнүн тастыктаган.