Ош шаарында мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга үйдүн ачкычы тапшырылды.

 

Бул тууралуу Ош мэриясынан билдиришти.

 

Маалыматка караганда, 66 үй-бүлө эки жана үч бөлмөлүү үй алышкан. Көп кабаттуу үй шаардын «Анар» кичирайонунда  жайгашкан. Ал Кытай грантынын эсебинен курулган.

 

Курулуштун сметасы 272,1 миллион сомго жеткен. Үй 2012-жылы курулуп баштаган. Дагы 700 майып жаран үйгө кезекте турушат.