Жыл башынан бери Кыргызстанга мигранттар тарабынан 2 миллиард 83,6 миллион сом которулган. Мындай маалыматты Улуттук банк таратты.
Белгиленгендей, 2016-жылга салыштырмалуу акча которуулар 423,4 миллион долларга өскөн. Октябрь айында мамлекетке 243,1 доллар жөнөтүлгөн. Акча которуулардын ылдыйлашы эки ай катары менен болду. Ушул жылдын август айына салыштырганда октябрдагы которуулар 18,9 миллионго азайган. Ал эми август айында бул сумма жогорку чекке – 262 миллион долларга жеткен.