Кыргызстандын экс-президенти Роза Отубаева «Ата Мекен» партиясынын лидери, учурда №47 түзөтүү абагында кармалып турган Өмүрбек Текебаевге жолугууга барат.

 

 

Картинки по запросу отунбаева текебаев  

Бул тууралуу аталган партиянын штабынан билдиришти.

 

 Анда айтылгандай, Отунбаева Текебаев менен жолугушкандан кийин журналисттерге маалымат берет.

 

Эске салсак, “Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев жана экс- ӨКМ  министри Дүйшөнкул Чотонов коррупция беренеси менен айыптуу деп табылышкан.

 

Аларга «россиялык ишкерден   бир миллион доллар пара алган» деген айып менен  тагылган.   Биринчи Май райондук соту Текебаев менен Чотоновду  сегиз жылга эркинен ажыратуу жана үй-мүлкүн конфискациялоо чечимин чыгарган.