Картинки по запросу ытыр эсен 

 

 

 «Түркия сулуусу» Ытыр Эсен Твиттердеги билдирүүсүнүн айынан «Түркия сулуусу -2017» титулунан ажырап, ал турмак эркинен ажыроо коркунучуна да кептелди.

Ал Тиветтер тармагы мамлекеттик төңкөрүштү кошуп билдирүү жазган.

 

Бул тууралуу түркиялык басылмалар жазып чыгышкан.

 

Анда айтылгандай, Стамбул университетинин 18 жаштагы студенти жана модель Ытыр Эсен «коомчулукту социалдык, расалык, диний, сектанттык, гендердин, же аймактык айырмачылыкка бөлүп, маскаралоо» боюнча айыпталып жатат.

 

Ытыр Эсен  соцтармакка айызы келип баштаганын жарыялап, «менин каным баатырлардын канына кошулду» таризинде жазган. Баатыр деп ал 2016-жылдагы Түркиядагы максатына жетпей калган төңкөрүштүн катышуучуларын атаган.

 

 Тергөөнүн жүрүшүндө кыз билдирүүнү өзү жасаганын моюнуна алган, бирок, кимдир бирөөнү маскаралоо оюнда болгонун айткан. Эгер ал айыптуу деп табылса, бир жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн.