Жалал-Абад облустук соту эмне үчүн жети жаштагы кызга сексуалдык зомбулук көрсөтүүгө аракеттенген мугалимге шарттуу түрдө жаза чегергенин түшүндүрдү.
Маалыматка караганда, Кара-Көл шаардык соту наристеге сексуалдык ыдык көрсөткөн адамга карата чыгарылган чечимге жабырлануучу тарап да, прокуратура да доомат артышкан эмес.
Ошондой эле, ишти кароо учурунда сотко наристенин мыйзамдуу өкүлдөрү айыпталуучуну кылмыш жоопкерчилигинен бошотуу өтүнүчү менен арыз жазышкан. Мындан улам сот айыпталуучуга шарттуу жаза чегерген.
Эске салсак, жай мезгилинде Кара-Көл милициясына 58 жаштагы шаар тургуну кайрылып, 21-июлда жергиликтүү тургун анын 7 жаштагы небересине сексуалдык ыдык көрсөткөнүн кабарлаган. Шектүү катарында мектептин 45 жаштагы мугалими кармалган.
Тергөөнүн жүрүшүндө, эркек кызды акча берем деп алдап, курулуп жаткан үйдүн жер төлөсүнө алып кирип, ыдык көрсөтө баштаган. Жабырлануучунун айтымында, киши аны жерге жаткырып, зордуктоого аракеттенген.
Шектүү кармалган. Соттук-медициналык экспертиза кыздын денесинен жарааттарды жана зордуктоо белгилерин тапкан эмес.