БШКнын төрайымынын орун басары Атыр Абдрахматова өткөн жумада ээлеген ордунан түшүрүлгөн. Бул боюнча экс-орун басар маалымат каражаттарына билдирүү жасады.

 

«Буларга чындыкты айтсаң, «бизге шек келтирдиң, жамандадың» дешет экен да, «бармак басты, көз кыстылыкка» барып, эмне дешсе «ляппай», «хоп» деп, жогору жактан келген команданы так аткарсаң, сенден ашкан акылдуу, сенден ашкан сулуу болбойт экен» - деди Атыр Абдрахматова.

 

БШКнын жаңы курамы 2016-жылы шайланган. Борборук шайлоо комиссия мүчөлөрү көпчүлүк колдоосу менен Атыр Абдрахматованы төрайым Нуржан Шайлдабекованын орун басары кылып дайындашкан.

 

«Биз жаңы иштеп баштаганда эле мыйзам бузууга барганбыз. Ошол кезде Баткендин чакан айыл өкмөтүнүн башчысын айылдык кеңеши эки ирет шайлай албай калышкан. Арадан жетимиш күн өткөн. Айылдык кеңешти таркатуу боюнча сунуш жөнөтүшкөн. Бирок, ал катты Нуржан Шайлдабекова бизге көрсөтпөй катып, мыйзамга каршы аракетке барып, ал айыл өкмөттү үчүнчү ирет шайлоону өткөрдү. Мен бул иш мыйзамга туура келбей турганын, эки ирет айыл өкмөт башчысы шайланбай калса, айылдык кеңеш таркашы керектигин айткам. Мына ошондон баштап мага кысым көрсөтүү башталды. Шаардык кеңештерге шайлоо өткөндө да ачык-айкын болбой жатканын билдиргем. Албетте, менин мындай чындыкты издеген аракеттерим аларга жакпады. Президенттик шайлоодон кийин да өзгөчө пикиримди билдирип, абдан чоң мыйзам бузуулар орун алганын, талапкерлердин тең укуктуулугу бузулганын жарыяладым. Ушунун баары чындыкты билүүдөн качкандардын безине сайылып, «бизди жамандап, бизге шек келтирдиң» деп мага доомат артууларына себеп болуп берди», - деди Атыр Абдрахматова.