Жогорку Кеңештин депутаты Канат Исаевдин иши боюнча тергөө амалдары 30-январга чейин узартылды. Мындай чечимди Биринчи май райондук соту кабыл алып, аны Бишкек шаардык соту да колдоду.
Айыпталуучунун кызыкчылыгын коргогон юристтердин айтымында, сотко Канат Исаевдин жактоочусу Чинара Жакупбекова ооруп калганына байланыштуу келе алган эмес. Бирок, ага карабай сот айыпталуучуга «дежур» адвокат дайындаган. Бул жаза процессуалдык кодексинин нормаларына каршы келет.
Эске салсак, Канат Исаевди бийликти күч менен басып алууга аракеттенген деген айып менен 30-сентябрда камакка алышкан.