Жогорку Кеңештин жыйынында «Түндүк» бажысында көп жылдан бери турган япон машинелерин ээлерине кайтарып берүүнү депутат талап кылды.

 

Депутат Умбеталы Кыдыралиев күчөтүлгөн радиациялык фондогу машинелер 2014-жылы Япониядан алынып келингенин билдирди.

 

Айтымында, 2016-жылдын ноябрында өкмөткө бул маселени карап чыгып, чечүүгө бир ай убакыт берилген. Бирок, алиге чейин жыйынтык жок. Анын үстүнө 2014-жылы бажы төлөмү азыраак болчу, а азыр төлөм машинелердин баасынан да кымбат болуп кетти» - деди депутат. 

 

 

Депутаттын белгилегенине караганда, машинелерди экинчи жолу тазалашкан, эми анда радиациялык фон жок.

 

 

«Ошондуктан машинелердин ээлери машинелерин кайтарып алышсын», - деди ал.