DELFI порталы жазган маалыматка караганда, тергөөнүн жүрүшүндө 26-ноябрда Литвага Кыргызстандан эки айдоочу келгени маалым болгон. Алардын бири Клайдепке, экинчиси Бельгияга кетиши керек болчу. 1-декабрда полицияга Кыргызстандын 1973-жылы туулган жараны кайрылып, мекендешинин дайынсыз кеткенин билдирген.
Полиция так ошол арыз жазган кыргызстандыктан шектенип жатат, божолдорунда, кыргызстандык шеригинин дайынсыз жоголгонун полицияга билдирүү менен тергөөнү адаштыргысы келген.
Шектүү азырынча суракка алына элек, ошондуктан, өлүмдүн себептери белгилүү боло элек.